Таласта мектеп окуучулары уурулукка шектелип кармалышты

Таласта мектеп окуучулары уурулукка шектелип кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 20-октябрдан 21-октябрга караган түнү Талас шаарынын Сарыгулов көчөсүндө болгон. Анда белгисиз адамдар уюлдук телефон сатуучу дүкөндүн терезесин сындырып, 13 даана уюлдук телефон, 1 даана видеокамера жана 1 даана фотоаппаратты уурдап кетишкен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары Талас шаарында жайгашкан “Себат” балдар лицейинде 9-класста окуган Ф.А., Э.И. жана Б.Э. кармалган. Учурда алар Талас ОИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Lion.
2016-12-27 18:10:55
Бокмурундар десе))))
Силерге уурдаганды ким коюптур андан коро сабагынарды окубайсынарбы)))
+6
Bishkek.001
2016-12-27 22:51:54
Себат лицейинин балдары ушундай кылабы??.тарбия жокта
+3
KaiMak
2016-12-28 03:16:12
Bishkek.001,Карагылачы бир жакшына окуу жайды 3 адам булгады атын
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан