Ала-Бука районунда баптист аялдын сөөгүн казгандардын бири Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Т.Т. кармалды. Ал "өлгөн адамдын денесин жана ал көмүлгөн жерди мазактаган" деп айыпталууда.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында баптизм агымындагы 76 жаштагы аялдын сөөгүн мусулмандар бейитине коюуга айылдыктар каршы чыгып койдурбай коюшкан. Ошол эле учурда маркумдун сөөгү бир нече жолу казылып алынган. Ал тургай сөөктү коңшу жайгашкан Чаткал районуна коймой болушкан. Андан соң маркумдун сөөгү үчүнчү жолу казылып алынганы айтылган. Мындан улам бул боюнча 5 адамга кылмыш иши козголуп, экөө издөөгө алынган болчу. Ал эми үчөөнүн иши боюнча соттук кароо жүрүүдө.