Мырзаке-Алайкуу унаа жолуна кар көчкү түшүп, каттам убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 27-декабрь күнү кар аралаш жаан жаап, Мырзаке-Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымынан (Тамчы чеги) 115-чакырымына (Коо-Чаты айылы) чейин ар жерден кар көчкүлөр түшкөн. Ошондой эле саат 16:40 чамасында 47-чакырымда (Чаар-Арча чеги) жолго болжол менен 25 метр куб таш кулаган. Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн райондук ички иштер бөлүмү тарабынан унаа жолунун 22-чакырымына пост коюлуп, жол убактылуу жабылган. Жолдо туруп калган унаалар жок. Аба ырайы турукташкандан кийин тазалоо иштери жүргүзүлөт.