Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкекте 3, Чүй облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 3 жана Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Ысык-Ата районунун Люксембург айылында турак үйдүн 45 чарчы метр жыгач устундуу чатыры жана ичиндеги үй мүлктөрү күйгөн. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.