Орусияда мекендештерине 200дөн ашык жасалма авиабилет саткан аял кармалды (фото)

Орусияда мекендештерине 200дөн ашык жасалма авиабилет саткан аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда ИИМдин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиев билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 27-декабрь күнү ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө 40тан ашык кыргыз жараны кайрылган. Алар 26-27-декабрь күндөрү "Домодедово" аэропортунан Кыргыз Республикасына кете албай калышканын айтышкан. Буга сатып алышкан авиабилеттеринин жасалма экендиги себеп болгон. Бул боюнча териштирүү иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Алтынай аттуу аял кармалган. Андан 26-27-28-29-30-31-декабрга болжол менен 200дөн ашык адам Москва-Ош, Москва-Бишкек каттамына билет сатып алган.

"Учурда ошол сатып алгандардын көбү билет жасалма экенин билишпейт. Аэропортко баргандан кийин билип жатышат. Сүрөттөгү аялдан ким билет сатып алса, ал жасалма. Алдоо фактысы боюнча арыз менен кайрылыңыздар. Шектүү полиция бөлүмүнө жеткирилип, тергөө амалдары жүрүүдө. Быйыл Большая Ордынка, №63 дарегинде авиабилет сатуу боюнча бир нече алдамчылык фактысы катталды. Ал жерде билет саткан 16 бөлмө бар. Ошолордун канчоосу мыйзамдуу же мыйзамсыз экени белгисиз. Биз укук коргоо органдарына атайын кат менен кайрылып, канчалык деңгээлде мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин чогуу текшеребиз", - деди Алиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
Adidas_91
2016-12-28 13:43:34
Мен ноябрда билет алайын деп добрынская метрого барсам бир брат билет керекпи деп кудум ушу эжеге алып барган эле, анын саткан жерин, өзүн көрүп эле ишенбей албай чыгып кеткен элем. Ошол имараттын ичине кирсең 30га жакын авиакасса бар. Иштеген жерин көрүп эле алгың келбей кетет.
+4
gorizont84
2016-12-28 13:56:37
Менин иним да алданып калган.Кандай адамдар экен кудайдан коркпогон
+2
Medina87
2016-12-28 14:33:54
Ушинтип алдап акча тапканча Москвадагы кыз-келиндерибизге окшоп идиш-аяк, пол жууп болсо да адал иштесе болмок экен.
+3
argen.kg4
2016-12-28 15:15:24
Аял билбесе керек жасалма экенин.Аялга билетти саттыргандарды да кармаса керек.Эми катуурак жаза колдонбосо,башка афферисттерге да сабак кылып.
+3
nurzada78
2016-12-28 16:28:18
Авиабилеттерди дайым эле ошол метродон сатып алабыз!Ушинтип алдап,элди какшатса кимге ишениш керек эми!
+1
Aral87
2016-12-28 16:40:51
Бети жок аял билет алганы барсаң эле жолдон бир бала чыгат ээрчитип барат бизде арзан деп, сурасаң эки эсе кылып айтат эки жолу барып алган эмесмин ушул аялдан кудай сактаган экен.
+2
kg.nurik
2016-12-28 16:48:03
Бул аял экинчи этажда олтурат. Жанындагыларды да кошо кармаш керек эле.
+2
ainura220888
2016-12-28 17:21:35
Мен ошол учкнда дайым сайтан уйдо отуруп эле алам официальный сайтына кирип российский авиакомпаниялардын. Платеж откондон кийин потверждать этилди деп оздору чалышат анан распечатать этип алап билетти. Оз мекендештерин ботон жерде алдаган ХХХ.
-2
admin_portal
2016-12-29 09:45:00
ainura220888, этика нормаларын сактаңыз!
0
tynara81
2016-12-28 17:29:12
Дайыма бир адамдан билет алам, телефондон эле заказ кылып. Башкаларга караганда арзан дагы, дегеним, ошол эле рейске башка авиакассалардан да сурап көрөм көбүнчө. Эч жакка убакыт коротуп барбайм, доставкасы бекер, арзан. Бир топ жылдан бери ошондон алам, тааныштарга да алып берем. Кыргыз эмес бирок, кыргызча сүйлөйт. Ошондой ишеничтүү бир адамдан алыш керек деген ойдо жаздым. Бул жакка компаниянын атын жазсам, реклама деп жазалашпасын. Кимге керек болсо купуяга кайрылгыла, айтам.
+1
Kanzada97
2016-12-28 19:14:33
Көрүнүшүнөн эле көрүнүп туратго кандай адам экени
0
isabek1977
2016-12-28 19:35:16
Арам тамак жеп ХХХ уяты жок аял экени сыртынан эле корунуп турбайбы.Эми куноосун моюну менен тартсын
0
Mirzohidjon
2016-12-28 23:05:45
Мен бул эжени билем аты Олтиной опа
+1
muslima-0788
2016-12-28 23:23:05
Азыр менин эжем Москвадан башка билет алып учканы атат. Эжем дагы ушул билеттен алыптырле. жасалма чыгыптыр. кимге каерге кайрылсак болот акчаны кайтарып ала алабызбы
+1
ABDISHkg87
2016-12-29 00:06:07
Эй туугандар азыр 21 кылып инновация онуккон заман интернеттен эле арзан албайсынарбы тан калам да дагым деле посредник авиакассадан алган адамдарга,карангылыкта журбой онукуло.2013 жылы келгем Москвадан через интернет сатып алып связнойдон терминалдан толоп расспечатка кылып Арзан 5300 келгем.Мен менен учуп келишкендер Ар жерден 6000-7500 алып менден угуп алышып тан калган,ушундай кылса болот экен да теп тан калгандар болгон, Онуккуло!
+2
Barchynbek
2016-12-29 05:06:09
ABDISHkg87,Туп туура айттын.мендагы ошолорго ишенбейм.мен тааныштарыма интернеттен же терминалдардан алып берем.себеби алардыкына коп жолу салыштырмалаймда.коп кошуп сатышат.а примой арзан болот.азыр жашоо электронный болуп баратпайбы.
0
Barchynbek
2016-12-29 05:11:30
Коп нерсени телефондо бутуро турган жашоо болуп калбадыбы.жадагалса канча деген адамдар телефон менен эле акча табышат.мисалы орустардын кобу ушундай иш кылышат карап отурсан.ошон учун билим алыш керек экенде кыргыз биртуугандарым.мендагы аз билим алганыма ото окуном.бирок кичине болсода коп нерсени оздоштуруп алам оз аракетим менен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан