Казакстанда Орусиянын өлкө башчысы Владимир Путинди социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу сындаган жергиликтүү тургун 3 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Путинди сынга алган 46 жаштагы жеке ишкер Санат Досовдун ишин Актөбө шаардык соту караган. Жыйынтыгында Досов президентти сынга алганын мойнуна алып, 6 баласы бар экендигин айтып, жаза мөөнөтүн кыскартууну суранган.
Досовго карата "элди атайылап козутууга, араздаштырууга аракет кылган" деген айып тагылып, кылмыш иши козголгон. Айыпталуучуну 7 жылга эркинен ажыратуу каралган. Жыйынтыгында 3 жылга эркинен ажыратуу чечими чыккан.
Санат Досов "Путин мамлекетти талкалап жатат, фашизмди токтотуу керек" деген чакырыктарды интернетке жазып калтырган.