ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2016: Адам өмүрүн алган ири жол кырсыктары

2016-жылдын 11 айында өлкө боюнча 5403 жол кырсыгы катталган. Бул 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,6 пайызга аз. Ал эми жол кырсыктарынын кесепетинен 846 адам каза таап, 8269 адам денесинен ар кандай жаракаттарды алган.

КАНДУУ ЯНВАРЬ

Башка айларга салыштырмалуу январь айында адам өмүрүн алган ири жол кырсыктары көп катталган. Атап айтсак, 4-январь күнү Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунда Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа аңтарылып кеткен. Анын кесепетинен 3 адам каза таап, 3 адам ооруканага жеткирилген. Ал эми 8-январь күнү Бишкек-Торугарт унаа жолунда катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа даракты сүзүп, натыйжада 3 жүргүнчү көз жумса, 4 адам оор жаракат алган. Ошондой эле 10-январь күнү Бишкек-Ош унаа жолунда болгон кырсык 5 адамдын өмүрүн алып кеткен. Буга Хонда Степвагон унаасынын каршы тилкеге чыгып кеткени себеп болгон. 23-январда болсо дагы бир ири жол кырсыгы катталган. Анда Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 124-чакырымында Оштогу "Гидро-Бетон-Строй" ишканасына тийиштүү КамАЗ, Ош-Баткен багытында жүргүнчүлөрдү ташуучу Мерседес-Спринтер, Өзбек Республикасына тиешелүү 2 Дамас үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын айынан 3 адам каза болуп, 18 адам жабыркаган. Январь айындагы дагы бир адам өмүрүн алган кырсык Аламүдүн районунда болгон. Анда Тойота Камри унаасы көпүрөдөн кулап, 4 адам көз жумган.

ЭЛ ТАЛАШКАН МАРШРУТТУК ТАКСИЛЕР

Ушул кезге чейин Бишкекте коомдук унаалардын катышуусунда 100гө жакын жол кырсыгы катталган. Жол кырсыктарынын кесепетинен 5 адам каза таап, 98 адам жабыркаган. Кырсыктын келип чыгуусуна көп учурда жүргүнчү талашып унаадан ашып өтүү, жүргүнчүлөр менен алаксып калуу сыяктуу нерселер себеп болууда. Буга чейин жол эрежесин бузган кичи автобустун 18 айдоочусу жол эрежелери боюнча сынак тапшырып, бири да өтпөй калганын жазган элек. Төмөндө жыл ичинде коомдук унаалардын катышуусунда болгон жол кырсыктарынын айрымдарына токтолобуз.

27-январь: Бишкекте Хонда үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Токтогул көчөсү менен батышты көздөй баратып №195-маршруттук такси менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен маршруттук такси аңтарылып, натыйжада 9 адам ар түрдүү жаракаттарды алып №4-шаардык ооруканага жеткирилсе, 3 адам оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

12-март: №42-автобустун айдоочусу Дэн Сяопин жана Месарош көчөлөрүнүн кесилишинен жөө жүрүүчүнү сүзүп алган. Оор жаракаттардан улам жабырлануучу окуя болгон жерден көз жумган.

2-июнь: Чүй жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде кичи автобус менен жеңил унаа сүзүшүп, автобус оодарылып кеткен. Натыйжада 17 жаштан 31 жашка чейинки 6 адам жабыркап, баары ооруканага жеткирилген.

23-июнь: Курманжан датка жана Огомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 25 жаштагы кичи автобустун айдоочусу жолго чуркап чыга калган адамды сүзүп алган. Жабырлануучу ошол жерден каза тапкан.

21-сентябрь: Жол кырсыгы 21-сентябрь күнү Шабдан баатыр көчөсүндө болгон. Анда аталган көчө менен түндүктү көздөй бара жаткан №138-каттамдагы кичи автобус бир капталына оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 9 адам жабыркап, бири ооруканага жаткырылган. Көпчүлүгүнүн баш мээси чайкалып, денелери сыйрылган. Ооруканага жаткырылган жүргүнчү бир колунан ажыраган.

9 АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛГАН КЫРСЫК

Жол кырсыгы 27-август күнү саат 11:20 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 178-чакырымында болгон. Анда Мицубиси Лансер унаасы менен Фольксваген Пассат унаасы сүзүшкөн. Анын кесепетинен биринчи унаадагы 1986-жылы туулган Болот Жумадылов, 1983-жылы туулган Тынчтыкбек Кулов, 1979-жылы туулган Айзада Исмаилова, 1984-жылы туулган Нурдин Касымов жана экинчи унаадагы 1980-жылы туулган Жылдызбек Шүкүров, келинчеги 1980-жылы туулган Элнура Шүкүрова, 3 жумалык эгиз балдары Аэлин Шүкүрова жана Алият Шүкүров кырсык болгон жерден жан беришсе, болжол менен 2002-2003-жылы туулган Жылдызбек кызы Нурайым ооруканага жетпей каза тапкан. Ал эми Мицубиси Лансер унаасындагы 2010-жылы туулган Арсен Бакытбеков оор абалда ооруканага жеткирилген.

ИСФАНАДАГЫ ИРИ ЖОЛ КЫРСЫГЫ

3-ноябрь күнү Исфана шаарында ири жол кырсыгы катталган. Анда күйүүчү май ташыган унаа жол боюнда турган 17 унааны сүзүп, оодарылып кеткен. Натыйжада 20 тонна күйүүчү май төгүлүп, 4 унаа жараксыз абалга келген. 11 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, анын ичинен үчөө ооруканага жаткырылган.

БИР ҮЙ-БҮЛӨ МҮЧӨЛӨРҮНҮН ӨМҮРҮН АЛГАН ТОННЕЛЬ

4-ноябрь күнү саат 21:15 чамасында Бишкек-Ош унаа жолундагы тоннелдин ичинде оор жүк ташуучу унаанын тормозу кармабай 3 жеңил унаа (БМВ, Хонда Степ жана Субару) менен сүзүшкөн. БМВ үлгүсүндөгү унаанын ичинде 5 адам болгон, анын төртөө каза болуп, бирөөсү жабыркаган. Хонда Степ унаасынын ичинде 8 адам болгон, анын ичинен 6 адам жабыркап, 2 адам жабыркаган эмес. Ошондой эле Субару үлгүсүндөгү унаанын ичинде болгон 2 адамдын эч кимиси жабыркаган эмес. Чоң жүк ташуучу унаанын ичиндеги 2 жүргүнчү жеңил жаракат алышкан. Жол кырсыгынан каза тапкандар бир үй-бүлө мүчөлөрү болушкан.

ИЧИНДЕГИ АДАМДАР МЕНЕН КОШО КҮЙҮП КЕТКЕН УНАА

Жол кырсыгы 23-август күнү саат 15:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунда болгон. Анда Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта келе жатып жол четиндеги тосмону сүзүп, оодарылып кеткен. Анын кесепетинен унаа өрттөнүп, ичиндеги 4 адам күйүк алган. Айдоочу жана эки жүргүнчү кырсык болгон жерден күйүктөн каза табышса, ал эми бир жүргүнчү Таш-Көмүр шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн каза болгон.

Негизинен катталган кырсыктарынын келип чыгуусуна көп учурда ылдамдыкты жогорулатуу, жол тилкесинде туура эмес аракет жасоо, карама-каршы тилкеге чыгуу, мас абалда унаа айдоо, рулда уктап калуу сыяктуу нерселер себеп болот. Жол кырсыктарынын кесепетинен канчалаган адам жакындарын жоготуп сыздап калууда. Андыктан ар бирибиз унааны башкарууда жол эрежелерин сактап, үйдө жакын адамдар күтүп жатканын эстен чыгарбасак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
-FREEDOM-
2016-12-29 11:43:37
Кудай сактааа
+2
nurkasym-2014
2016-12-30 09:23:45
Келе жаткан тоок жылы мындай боодожол кырсыгы жок болсо экен.Баардык айдоочуларга кайрылаарым эч качан шашпастан этияттык,сактык менен айдасанар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан