ЖЫЛНААМА, 28-ДЕКАБРЬ: 108 жыл мурун Сицилия аралында 75 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган жер титирөө катталган

Мындан 108 жыл мурун, 1908-жылы 28-декабрда Сицилия жана Аппенин жарым аралдарынын ортосундагы Мессин кысыгында күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ал бийиктиги 10 метр болгон цунами толкундарын пайда кылып, табигый кырсыктын кесепетинен Мессина, Реджо-Калабрия жана Палми шаарлары кыйраган. Европанын тарыхында эң чоң деп эсептелеген жер титирөөдөн курман болгондордун саны 75 миңден ашкан.

Жер титирген аймакка жакын жерде орустардын аскердик кемеси болгондуктан, анын ичиндегилер кырсыктан жабыркагандарды куткарып, миңдеген адамдын өмүрүн сактап калышкан. 2012-жылы 9-июнда Мессина шаарында куткаруу операциясына катышкан орус деңизчилерине колодон эстелик орнотулган.

28-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан