ЖЫЛНААМА, 28-ДЕКАБРЬ: 48 жыл мурун израилдиктер Бейрут аэропортундагы 14 учакты жардырып жиберишкен

Мындан 48 жыл мурун, 1968-жылы 28-декабрда Израилдин атайын багыттагы бөлүмүнүн кызматкерлери Ливандын Бейрут шаарынын эл аралык аэропортуна болгон рейд учурунда арабдардыкы деп эсептешкен 14 учакты жардырып жиберишкен. "Дар" операциясы деп аталган бул рейд палестиналыктардын израилдик укчактарга каршы жасаган террордук актыларына жооп катары жүргүзүлгөн.

Учактардын жок кылынышы 42-44 миллион доллар зыян алып келген. Ошондой эле бул окуянын кесепетинен 1969-жылы январь айында Ливанда өкмөттүк кризис жүргөн. Ал эми Франция Израиль менен болгон аскердик-техникалык кызматташтыгынын аягына чыкканын билдирген.

28-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан