Кызыл-Кыя шаарында тургундун унаасын күч менен тартып алган адам кармалды

Кызыл-Кыя шаарында тургундун унаасын күч менен тартып алган адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 6-декабрдан 7-декабрга караган түнү Кызыл-Кыя шаарынын жашоочусу 41 жаштагы У.Мнын үйүнүн алдына токтоп турган Хонда үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адам күч менен тартып алган. Бул окуя боюнча Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя ШИИБинин кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Ош шаарынан 25 жаштагы Н.М. аттуу тургун кармалган. Бул факт боюнча Кызыл-Кыя ШИИБи тарабынан кылмыш иши козголгон. Азыркы тапта кармалган жаран Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aibars
2016-12-28 17:47:29
Эгер ушул окуя чын эле болсо анда Ж.Анын жаны кашайып Р.Онун козун когорто койгон экен дебей толук жассанар. Андай болбосо бул макаланын эмне мааниси бар? Урматтуу акимдер ушул жонундо тушундуруп берип коюнуздарды отуном.
+3
admin_portal
2016-12-28 17:57:02
aibars, саламатсызбы? Кылмышка шектүүнүн күнөөсү сот тарабынан далилденгенге чейин анан жарандык укуктарын сактоо максатында аты-жөнүн инициал менен гана берүүгө милдеттүүбүз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан