Кара-Кулжа районунда ички чарбалык жолго кар көчкү түшүп, каттам убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 28-декабрь күнү саат 16:30 чамасында Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар айылынан Терек айылына баруучу Терек-Чаты ички чарбалык унаа жолунун 3 жерине кар көчкү түшкөн. Түшкөн кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 4800 метр кубду түзүүдө. Учурда каттам жабык, жолду тазалоо үчүн техника каралууда.