Ош-Эркеч-Там унаа жолундагы ашууга кар көчкү түштү. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 29-декабрь күнү саат 10:05 чамасында Ош-Эркеч-Там унаа жолунун 169-чакырымында (Талдык ашуусу) кар көчкү түшкөн. Анын көлөмү болжол менен 1920 метр кубду түзөт. Учурда жол убактылуу жабылды. Жолду тазалоого №960-Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылды.