Мындан 3 жыл мурун, 2013-жылы 29-декабрда Орусиянын Волгоград шаарынын темир жол бекетинде бомба жарылып, 18 киши курман болгон. Окуя болгон жерден 14 адам көз жумуп, 50гө жакын киши ар кандай жаракаттарды алган. Төртөө кийинчерээк ооруканадан каза болгон. Бомбаны жан кечти-террорчу иштеткени белгилүү болгон. Аны бекеттин күтүүчү залына киргизбей коюшканда жардыруу жасаган.
2014-жылы 19-январда интернетте "Ансар аль-Сунна" диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрүнүн видеосу тараган. Анда террорчулар темир жолундагы жардырууга жоопкерчиликти алганын билдиришкен.
29-декабрга карата жылнаама.