ЖЫЛНААМА, 29-ДЕКАБРЬ: 44 жыл мурун АКШда учак сазга кулап түшүп, 99 адам курман болгон

Мындан 44 жыл мурун, 1972-жылы 29-декабрда Нью-Йорк-Майами каттамында бара жаткан Lockheed L-1011-385-1 TriStar үлгүсүндөгү учак аба майданынан 30 чакырым алыс жердеги Эверглейдс сазына кулап түшкөн. Анын бортундагы 176 адамдын 99у курман болуп, 77 киши жаракат алган. Кырсык экипаждын катасынан улам келип чыккан.

Учак кулаган сазда кырсык учурунда бакаларды кармоочу 43 жаштагы Роберт Марквиз болгон. Ал кырсыктан аман калган жүргүнчүлөрдү саздан алып кетип, куткаруу иштерин жүргүзгөн. 2007-жылы 3-декабрда ага бул эрдиги үчүн "Alumitec - airboat hero award" сыйлыгы ыйгарылган.

29-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Romantik.
2016-12-29 14:51:38
Мен кичинекейимде самалет авария болсо мен барып ичиндегилерди куткармакмын деп эле ойлой берчумун
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан