Жумгалда кар көчкү алдында калган адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 28-декабрь күнү саат 15:00 чамасында Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын Кара-Дөбө кыштоосунда кар көчкү түшүп, 1972-жылы туулган адамды басып калган. Бүгүн саат 09:00 чамасында жансыз денеси туугандары тарабынан табылган.