Ноокен районунда соттон жана тергөөдөн качып жүргөн 7 адам кармалды

Ноокен районунда соттон жана тергөөдөн качып жүргөн 7 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган адамдардын төртөө Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынган. Алар "адам өлтүрүү", "зордуктоо", "уурулук" беренелери боюнча айыпталышууда. Ал эми үчөө Кыргыз Республикасынын аймагында "тоноо" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга" шектелишүүдө. Учурда алар аймактык ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан