22 жаштагы америкалык спортчу Кайл Томсон 142 килограмм келген оордук моюнуна түшүп кетип көз жумду. Штанга көтөрүү учурунда спортчунун жанында башка спортчулар болгон, бирок алар штанганы кармап калууга жетишпей калышкан.
Америкалык басылмалар кабарлагандай, окуя Айова штатында болгон. Томсон машыгуу залынан 16 чакырым алыстыкта жайгашкан ооруканага жеткирилген, бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болбогонун айтышкан.