Мындан 113 жыл мурун, 1903-жылы 30-декабрда АКШнын Иллинойс штатынын Чикаго шаарында жайгашкан "Ирокез" театрында өрт чыгып, 602 киши курман болгон.
Кырсык болгон учурда театрда "Мистер Блюберд" көрсөтүүсүнүн бет ачары болуп, залда 2000 киши болгон. Өрт сахнада Айдын жарыгынын эффектисин алуу үчүн колдонулган ацетилен лампасынын учкунунан чыккан. Кырсыктан театр кызматкерлери жана 150 артисттин эч кимиси жабыркабай, сыртка чыгып кетүүгө үлгүргөн. Ал эми көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү өмүрүн сактаганга жетишпей калышкан.
30-декабрга карата жылнаама.