2016-жылдын 11 айында республика боюнча 25 миңден ашуун кылмыш катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 4,5 пайызга аз. Төмөндө жыл ичинде коомчулуктун талкуусуна көп алынган окуяларга токтолобуз.
ТАШТАЛГАН ЫМЫРКАЙЛАР
Акыркы жылдары жаш балдарга карата зордук-зомбулук артып бараткансыйт. Буга далил катары Нарын облусунда 2 жаштагы баланын сабалып өлтүрүлүшүн, 17 жаштагы Назбийкенин өз апасы тарабынан кордолушун, 4 жаштагы кызды атасы сабаганын айтсак болот. Ошондой эле жаңы төрөлгөн ымыркайлардын ташталып же өлтүрүлгөн учурлары да көп катталды. Ушундай окуялардын бири үстүбүздөгү жылдын 27-январында Токтогул районунда болгон. Анда 1992-жылы туулган келин жаңы төрөлгөн баласын дааратканага таштап салган. Ал эми Ошто 22 жаштагы келин 1 жаш 2 айлык баласын муунтуп өлтүрүүгө аракет жасап, андан майнап чыкпаган соң көчөгө таштаган. Таласта болгон окуя да коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Анда 25 жаштагы жергиликтүү тургун көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанынан эркек бала төрөп, аны төрөгөн жерине таштап кеткен. Аталган дарекке барган милиция кызматкерлери киндиги кесилбеген, айрым дене мүчөлөрү жок ымыркайдын жансыз денесин көрүшкөн. Көпчүлүк мындай кадамга барганын бала никесиз төрөлүп жана аны багууга мүмкүнчүлүгү жок экендиги менен түшүндүрүшөт.
ӨЗ ӨМҮРҮНӨ КОЛ САЛУУ
Өз өмүрүнө кол салуу фактысы көбүнчө жаштар арасында кезигет. Алсак, Бишкектеги Аламүдүн-1 кичи районунда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 5-кабатынан 14 жаштагы кыз секирип кеткен. Буга кыздын ата-энеси менен урушуп кеткени себеп болгон. Ал эми Ат-Башы районунун Терек-Суу айылында 10-класста окуган кыз апасы урушуп койгону үчүн асынып алган. Ушундай эле окуялардын бири Сузак районунун Сымкат айылында катталды. Анда он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек 2002-жылы туулган Шерзат Алимбеков өз өмүрүнө кол салган. Калтырып кеткен катта 10 миң сом үчүн ушундай кадамга барганын жазган. Ала-Бука районунда дагы 15 жаштагы кыз үйүнүн артындагы даракка асынган. Ал өз өмүрүнө кол салардын алдында туугандарына барып учурашып кайткан. Ошондой эле мектептеги жакын курбусуна "менден эстелик болсун" деп өзү тагынып жүргөн галстугун берген.
“ШАЙТАНГА АЗГЫРЫЛДЫМ”
2016-жылдын 7-март күнү Өзгөн шаарынын Черёмушки кичи районунда 17 жаштагы кыз мууздалып өлтүрүлгөн. Бул кылмышка шектүү катары 24 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Ал кызды жаңы үйлөнгөн жубайы тууралуу "кыз эмес тийген" деп ушак таратканы үчүн өлтүрүп, шайтанга азгырылганын айткан. Ошондой эле Ысык-Ата районуна караштуу Киргшёлк айылында үч аял мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бул кылмышка шектүү катары 6 адам кармалган. Ушундай эле мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысы Сузак районунда да катталган. Анда 1985-жылы туулган Өзгөн районунун тургуну Беш-Мойнок айылына келип, 1938-жылы туулган кайнатасын, 1944-жылы туулган кайненесин, 1987-жылы туулган аялын бычактап өлтүрүп, ошол эле түнү өзүнө бычак сайып каза болгон. Ал эми Орусияда 35 жаштагы Улан аттуу Кыргыз Республикасынын жараны 27 жаштагы Нурзат аттуу мекендешин бычактап өлтүргөн. Буга маркумдун экөөнүн ортосундагы мамилени “аялыңа айтам” дегени себеп болгон.
"СОТ КЕЛЕТАТ, ОРДУБУЗДАН ТУРАБЫЗ!"
2016-жылы күнөөсү аныкталып, сот жообуна тартылгандар да арбын болду. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын жолдошу, "алдамчылык" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен айыпталган Бакыт Абдыкапаров, мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган өкмөттүк аппараттын мурунку кызматкери Алтынбек Муралиев, 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев да бар.
Ал эми башта оор берене боюнча айыпталып, кийин жеңил жаза алгандардын катарына Жогорку Кеңештин экс-депутаты Урмат Аманбаеваны кошсок болот. Ал "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 9 жылга эркинен ажыратылган. Бирок Жогорку Сот Аманбаеваны "кылмышка шериктеш болуу" жана "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен күнөөлүү деп таап, 3 миллион сом (30 000 эсептик көрсөткүчтөгү) өлчөмдө айып төлөөсүн буюрган. Ал эми Туризм департаментинин мурунку директору Максат Чакиевди алгач райондук сот 6 жылга эркинен ажыратса, кийин шаардык сот 3 жыл 6 айга, Жогорку Сот 350-берене (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу) боюнча актап, камактан бошоткон. 314-берене (пара берүү) боюнча айыптуу деп табылып, 500 миң сом айып пул салынган.
Ошондой эле 3 баласын 82 миң сомго сатып жиберген аял 12 жылга, "Сакал" каймана аты менен белгилүү Улан Токтосунов 17 жылга, 1-класстын окуучусу Даниэлди өлтүргөн аял 25 жылга, "күйөөсүн жиликтеп, анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы райондоруна таштаган" деп айыпталган келин 16 жылга, "Кадыр Маликовго кол салган" деп айыпталган Алибек Тилек уулу 20 жылга жана “Альфа Телеком” ишканасынын жетекчисинин мурдагы кеңешчиси 25 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми жакшы көргөн кызын жана анын апасы менен таежесин бычактап өлтүргөн жаран, өз кызын 3 жыл бою зордуктап жүргөн ата, “бир тууган агасын жана жеңесин бычактап өлтүргөн” деп шектелген жаран, №50-СИЗОдон качкандар өмүр бою эркинен ажырашты.
ПРОКУРОРДУН УНААСЫ ЖАРЫЛДЫ
2016-жылы 29-июлда эртең менен саат 08:45 чамасында Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылында жардыруу болгон. Анда Башкы прокуратуранын ички иликтөөлөр бөлүмүнүн кызматкери Эркин Курманалиев унаасынын эшигин ачкан кезде жарылуу болгон. Анын кесепетинен унаа ээси оң көзүнөн жана сол колунан жабыркаган. Кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган А.Т. аттуу жаран кармалган. Ошол учурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев: “Кылмышка шектүү А.Т. жабырлануучунун алыс тууганы болот. Курманалиев ага карызга акча берген экен. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө”, - деген эле.
КЫТАЙ ЭЛЧИЛИГИНДЕГИ ЖАРДЫРУУ
30-август күнү Бишкектеги Кытай элчилигинин батыш тарабындагы дарбазага Мицубиси Делика унаасы катуу ылдамдыкта сүзүп кирип жарылган. Натыйжада жарылган унаанын ичиндеги жан кечти-террорчу каза болуп, эки күзөт кызматкери жабыркаган. УКМК жардырууга буйрутма бергендер Сирияда согуштук аракеттерге катышып жүргөн “Жабхат ан Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөлөрү экенин билдирип, 5 адамды камакка алган. Ошондой эле 4 адам издөөгө алынган. Издөөгө алынгандардын бири Мубарак Турганбаев интернеттеги социалдык баракчасына билдирүү калтырып, күнөөсүз экенин жазган.
АЙТИЕВДИН УУЛУ БЫЧАКТАЛДЫ
21-октябрь күнү саат 12:00 чамасында Ош шаарынын Гостелло көчөсүндөгү 1Б үйүнүн алдында куудул Жеңишбек Айтиевдин 12 жаштагы уулун 1994-жылы туулган А.Н. аттуу жаран бир нече жолу бычак менен сайып салган. Анын кесепетинен жабырлануучу каза болуп калган. Кылмышка шектүү өз көрсөтмөсүндө "кошунамдын баласы тамагыма уу салганы келе жаткан экен, бычакты алып сайып жибердим" деген. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, А.Н. убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
200 СОМ ҮЧҮН КЫЙЫЛГАН ӨМҮР
16-ноябрдан 17-ноябрга караган түнү Бишкекте адам өлтүрүү фактысы катталды. Бул кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган Жалал-Абад облусунун Бакыт Тургунбаев аттуу тургуну кармалды. Анын айтымында, “Ош базарынан” Дордой жаңы конушуна 200 сомго такси жалдап барган. Белгиленген жерге жеткенде дос баласынан акча чыкпай калып, анан айдоочу менен уруша кеткен. Кийин унаадагы отвёртканы алып, таксистти моюн тарапка сайып жиберген. Кансыраган айдоочуну талаага таштап, өзү унааны айдап качып бара жаткан жеринен кармалган.
Айта кетсек, 2016-жылдын 11 айында оор жана өтө оор кылмыштар 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,2 пайызга аз катталган. Ошондой эле өндүрүштө турган кылмыштардын 1732синин бети ачылган.