SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыргыз" деген терминди чечмелегенге салым кошкула" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Кыргыз" деген сөзгө байланыштуу көп уламыштар, гипотезалар бар. Мисалы, кыргыз - кырк кыз (башкача айтканда, кырк кыздан тараган), кыргыз - кырылгыс, түгөнгүс, кыргыз - кыр кез (аш, чурка) жана башка. Негизи, кыргыз эли Азия элдеринин ичинен эң байыркы эл болуп саналат. Тагыраак айтканда, 2200 жылдан ашык тарыхы бар эл. Бул жөнүндө Кытайдын тарых булактарында сакталып калган. 22 кылымды артка калтырган кыргыз элинин тарыхы да ошончо бай. Бир-эки эле сөз менен "кыргыз" деген сөздү чечмелеп коюуга болбойт".
"Кыргыз" деген "кырылгыс" ,"түгөнгүс" дегенди түшүндүрөт. 2200 жылдык тарыхыбыз бер жагы эле - кытай булактарында жазылгандан беркиси эле, андан мурункусу канча?.. Ошондон бери улутубуздун жоголбой келатканы "кырылгыс" экенибизди далилдейт".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.