Өлкө башчы Садыр Жапаров дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык биржалардын бири Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдирди.
Маалым болгондой, алар кечээ, 3-майда Чолпон-Ата шаарында жолугушкан. Анда Кыргызстанда виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү, ошондой эле киберкоопсуздук жана санариптик коркунучтарга каршы күрөшүү маселелери талкууланган. Жапаров өлкө санариптик активдерди киргизүү боюнча олуттуу кадамдарды жасап жатканын баса белгилеген.
Өз кезегинде Чанпэн Чжао санариптик активдер жаатында кызматташууга, анын ичинде санариптик улуттук валютаны жана адистерди даярдоо үчүн билим берүү программаларын киргизүү боюнча Кыргызстандын адистерине консультация берүүгө даяр экендигин билдирген.
Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров ага Кыргызстан президентинин виртуалдык активдерди өнүктүрүү маселелери боюнча коомдук кеңешчиси күбөлүгүн тапшырган.
Айта кетсек, Чанпэн Чжао – кытай-канадалык ишкер. Ал 2017-жылы Binance компаниясын негиздеген. Компания кыска убакытта соода көлөмү, өтүмдүүлүк жана колдонуучулардын саны боюнча тармактагы лидерге айланган. 2020-жылы Binance смарт келишимдер колдоосу менен блокчейнди – Binance Smart Chain (BSC) ишке киргизген. Кийинчерээк аталышы BNB (Build and Build) Chain деп өзгөртүлгөн.