Сүлүктүдөгү "Кызыл-Булак" шахтасында 53 жаштагы кызматкерди уранды басып калды

Баткен облусундагы Сүлүктү шаарында жоопкерчилиги чектелген коомунун "Кызыл-Булак" шахтасында адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 31-декабрда билдирди.

"Бүгүн, 31-декабрда саат 06:50дө шахтанын урандысы Лейлек районунун Миң-Жыгач айылынын 1963-жылы туулган Ж.Б. аттуу тургунун басып калып, жыйынтыгында ал каза болгон. 7 куткаруучу окуя болгон жерге барып, урандынын астынан каза болгон адамдын сөөгүн чыгарышкан", - деп билдиришти ӨКМнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, каза болгон адамдын сөөгү "Тез жардам" кызматына өткөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Patriot...kg
2016-12-31 15:26:50
Так майрам куну жаман окуя болуп кетиптир да
+2
meni_kut
2016-12-31 15:53:38
Байкуш балдарыны кубантайын деп танга маал суукта иштеп аткан экен да...жайы жаннатта болсун.
+9
kalima88
2016-12-31 17:02:31
Жаман болуптур, эх ...
-1
Ulan2601
2016-12-31 18:07:21
Азыркы шахтылардын абалы ото начар оз жашоосун тобокелге салып тушушот мамлекет озу козомолго алса жакшы болот эле байлар рекеттер бут шахтыларды ээлеп алган
+2
leilek_suluktu
2016-12-31 21:18:23
кудай сактасын азыр жер жумшак.
-2
chyngyz-40
2017-01-01 21:04:04
жыргал жашаганы учун ошол комур казганы барды дейсинби байкуш тирилик да баладарын багам деп барган а биздин эшек минерлер болсо айлыгынан сырткары 40мин иштетишсе ошону да аз дешет ит уиуктар!!!
+2
baska
2017-01-02 10:01:06
Шахталардын абалы ото начар
Айла жок иштеп журушот
Кебир шахталарда металда койушпайт
Комся текшербейт акчасын алат кетет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан