Панфилов районунда поезд сүзүп кеткен адамдын өздүгү такталды

Чүй облусунун Панфилов районунда поезд сүзүп кеткен адамдын өздүгү такталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 2016-жылдын 21-декабрында саат 18:35 чамасында болгон. Анда Чалдыбар-Кайыңды станциясында белгисиз адамды поезд сүзүп кеткени айтылган. Жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон. Анын өздүгүн тактоого милиция кызматкерлери тартылып, Панфилов районунун 1990-жылы туулган Д.М. аттуу тургуну экенин аныкташкан.

Машинисттин айтымында, рельсте отурган адамды көрүп, белги берген, бирок ал эч кандай реакция кылган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kroxa
2017-01-02 13:08:22
Кылмышкер болсо бир жон атын толук жазса бироо угуп калабы???
+4
admin_portal
2017-01-02 13:17:59
Saribulak, порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kgэлектрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан