Караганды облусунда көп кабаттуу үйдүн бир бөлүгү урап, каза болгондордун саны 9га жетти. Бул тууралуу бүгүн, 2-январда казакстандык маалымат агенттиктери жазышты.
Маалыматка караганда, окуя 1-январь күнү саат 22:40 чамасында Караганды облусунун Шахан кыштагында болгон. Анда көп кабаттуу турак үйдүн бир бөлүгү урап калган. Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын келип чыгуусуна көп кабаттуу үйдү жылытуучу от казандын жарылып кетиши себеп болгон.
"Учурда куткаруучулар уранды алдынан 9 адамдын жансыз денесин алып чыгышты. Ошондой эле 4 адам куткарылды. Куткаруу иштерине жалпы 280 адам тартылды", - деп айтылат маалыматта.