Жалал-Абад шаарынын тургуну маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-январда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 31-декабрь күнү саат 19:00 чамасында Жалал-Абад ШИИБинин текшерип-өткөрүү жайында 1979-жылы туулган М.Ага таандык сумка текшерүүгө алынган. Жыйынтыгында ичинен 15 грамм гашиш табылган.
Кармалган М.Анын айтымында, ал убактылуу кармоочу жайда отурган таанышына жаңы жылдык белек катары маңзат алып келген.