"Өрт өчүрүүчү унаа эрте келгенде, уйларды сактап калууга мүмкүн эле", - дейт өрттөнүп кеткен сарайдын ээсинин баласы Тынчтыкбек Айдаркулов.
Анын SUPER.KG`ге билдиришинче, өрт 1-январь күнү саат 02:50 чамасында башталган. Ал эми саат 03:10 чамасында өрт өчүрүүчүлөргө маалымдашкан, бирок өрт өчүрүүчү унаа саат 05:00дө келген.
"Азырынча өрттүн эмнеден улам келип чыкканы белгисиз болууда. Сарайдын чатырындагы чөп күйүп жаткандыктан, ичиндеги уйларды алып чыга албадык. Өрт өчүрүүчүлөр эрте келгенде, уйларды сактап калууга мүмкүн эле. Уйлар мөөрөп, мөөрөп кала беришти. Өрт өчүрүүчүлөр кеч келишкенин Куршабдан келишкени менен түшүндүрүштү. Негизи, район борбору менен айылдын ортосундагы аралык 23 чакырым. Ал аралыктан унаа менен жарым саатта келсе болот", - дейт Айдаркулов.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 1-январь күнү саат 03:25 чамасында Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Ак-Кыя айылында эки кабаттуу мал чарбанын 175 чарчы метр чатыры, 1500 түк беде, 500 түк чөп жана 20 баш уй күйүп кеткенин билдирген эле.