Кара-Кулжада кар көчкү бир адамды басып калды. Бул тууралуу бүгүн, 3-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 30-декабрь күнү саат 12:30 чамасында Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылынан Кара-Таш жайлоосуна баруучу жолдо болгон. Анда 1950-жылы туулган Д.М. аттуу тургун аты менен мал баккан кыштоосуна бара жатканда кар көчкү басып калган. Каза болгон жарандын жансыз денесин жергиликтүү тургундар саат 16:30 чамасында таап, үйүнө алып келишкен.