Бразилияда абактан чыккан тополоңдон улам 60тан ашык адам каза болду

Бразилияда абактан чыккан тополоңдон улам 60тан ашык адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Абак Амазон токоюндагы Манаус шаарына жакын жайгашкан. Бразилиянын Коопсуздук кызматынын өкүлүнүн айтымында, каза таап жана жабыркагандардын саны мындан да артышы мүмкүн.

"Тополоң 1-январда кечинде чыккан. Ага баңгизатын сатуу менен алектенген эки топтун ортосундагы түшүнбөстүк себеп болгон", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, 2016-жылдын октябрь айында Боа-Виста шаарындагы абакта тополоң чыгып, 25 адам каза тапкан. Анда жетөөнүн башы кесилип, 6 адамды тирүүлөй өрттөп салышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mr.beka
2017-01-03 10:11:19
Ушундай тополондорго.бармында
-8
Beka95
2017-01-03 10:33:04
Кинодогудай блогбастерлер жашоодо да болот турбайбы корсо. Кимдир биро уюштурду , кээ бироолор курмандыгы болду да.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан