Чили өлкөсүндө токой өрттөнүп, миңдеген турак үйлөр электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу бүгүн, 3-январда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоо Тынч океандын жээгинде орун алган. Өрттүн кесепетинен 400 адам коопсуз жайга көчүрүлгөн. Тилсиз жоо 50 гектар жерди кучагына алып, бир нече үй зыянга учурады. Ошондой эле Вальпараисо, Касабланка жана Альгарробо шаарларында 50 миң турак үй электр жарыгысыз калып, 19 адам жабыркаган. Аталган аймактарда курулган үйлөрдүн басымдуу бөлүгү жыгач үйлөр болгон.
Айта кетсек, өрт 2-январь күнү Вальпараисо шаарында башталган.