Бишкекте 60 жаштагы тургунду бутка атып, 150 миң сомун алып кеткендердин бири кармалды

Бишкекте 60 жаштагы тургунду бутка атып, 150 миң сомун алып кеткендердин бири кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Бул окуя 29-декабрь күнү саат 18:20 чамасында Москва көчөсүндө болгон. Анда 30-35 жаштардагы белгисиз үч адам 60 жаштагы шаар тургунун тапанча менен бутка атып, жанындагы 150 миң сомун карактап кетишкен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек ШИИББинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1983-жылы туулган К.Н. кармалган. Учурда ал тергөө абагына киргизилген. Ал эми кылмышка тиешеси барларды издөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Shef87
2017-01-03 14:59:07
алып дебей атып дегилечи окусан тушунбой калат экенсин
-1
December24
2017-01-03 15:14:47
Атып деп туратго
-2
edik-kg
2017-01-03 15:29:45
Кандай эле атып акчасын урдайт экен булар эмне анда бишкекте журуштон коркуш керекби кечиндеси
0
janka7
2017-01-03 23:52:41
150 000ди жанына эмнеге слып журду экен?
0
Rifle_I
2017-01-04 00:07:07
janka7,Москва көчөсүндө акча алмаштыруу жайларынын биринен чыгып бараткан окшойт да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан