Чүй районунда пенсионердин үйүнө уурулукка кирүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 29-декабрь түнү Чүй районунда болгон. Анда 80 жаштагы тургундун үйүнө белгисиз адам кирүүгө аракет кылган. Ал алгач дарбазаны ачып, андан соң үйгө кире бериш эшикти ачып жаткан. Ошол учурда үй ээси байкап калып, кылмышкерди балта менен колго чапкан. Колунан жабыркаган адам качып кеткен. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, кылмышка шектүүнү коңшу көчөлөрдүн бириндеги үйдөн кармашкан. Ал жашаган жерден уурулукка кирүүгө аракет кылган үйгө тиешелүү буюмдар табылган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.