Караколдогу адам өлтүрүү фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө

Караколдогу адам өлтүрүү фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 3-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 31-декабрь күнү саат 11:30 чамасында Пристань-Каракол кыштагында үйдүн жанынан 1954-жылы туулган А.К. аттуу жергиликтүү тургундун жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери маркумдун өлтүрүлгөнүн аныкташкан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 1955-жылы туулган Л.А. кармалган. Учурда ал камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан