Түркиялык басылмалар Стамбулдагы кол салууга шектелген адамдын паспортунун сүрөтүн жарыялашты. Сүрөттө жалпы жарандык паспорт 1988-жылы туулган Йахье Машрапов (Iakhe Mashrapov) аттуу жаранга 2016-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан берилгенин көрүүгө болот.
Бул боюнча Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылганыбызда, сүрөттөгү паспорт УКМК кызматкерлери менен биргеликте иликтенип жатканын билдиришти.
Айта кетсек, 31-декабрдан 1-январга караган түнү Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна курал менен кол салуу болгон. Ошол учурда клубда 500дөн ашык адам болгон. Анда 39 адам каза болуп, 70ке жакын адам ар кандай жаракат алган. Каза болгондордун арасында Орусиянын, Бельгиянын, Франциянын, Индиянын, Ирактын, Сауд Арабиянын жарандары да бар. Ал эми "Ислам мамлекети" террордук тобу бул кол салууну уюштурушканын билдирди.
Айрым түркиялык басылмалар Стамбулда клубга кол салган адамдын кыргыз же өзбек жараны болушу мүмкүн экенин айтышууда.