Жалал-Абад шаарындагы "Керемет" мончосунун башчысы милицияга кол көтөргөндүгү үчүн камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2-январда саат 18:00 чамасында милицияга кайрылуу түшкөн. Окуянын чоо-жайын билүү үчүн эки аймактык инспектор барган. Ал жерден 1977-жылы туулган И.А. мас абалында болгон жана кайнисин жемелеп жаткан. Аны токтотууга аракет кылган милиция кызматкерлерине ал кол көтөргөн. Жеме угуп отурган кайниси да ага кошулуп милицияга каршылык көрсөткөн.
Бул факт боюнча "бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, мончо ээси камалды. Тергөө иштери уланууда