Алай районунун Чакмак айылында жер көчкү жүрдү

Алай районунун Чакмак айылында жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жер көчкү бүгүн саат 16:30 чамасында жүргөн. Анын көлөмү болжол менен 3 миң метр куб. Жер көчкү турак үйлөргө 130 метр жетпей токтогон.

"Буга чейин жер көчкү коркунучу жаралган жерден 3 турак үйдүн жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлгөн эле. Учурда көчкү жүргөн аймак жергиликтүү бийлик тарабынан көзөмөлгө алынды", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
akil.91
2017-01-04 19:31:28
Как рас кочурулгон экен жашоочулары. Бугун жаздынар эле го. Кочку болуу мумкунчулугу болгон жерде жашшочулар кечирилди.
-2
Nazaralikarakulja
2017-01-04 20:40:30
Алла ОЗУ сактасын Алайлык туугандар аман болгула
+2
Keremet008
2017-01-04 20:53:26
Чакмак деген каеринде экен а ? Алайдан болсом да мындай айылды 1- жолу угуп жатам
-1
ulik-89
2017-01-04 21:25:53
Keremet008,кырколду чакмак деп коюшат экен мен да билбейм ата энемен сурадым эле
0
Keremet008
2017-01-04 23:22:51
ulik-89,ааа жакшы билип алдым.
0
Topchu83
2017-01-04 22:30:22
Биздин айылдын аты да Чакмак Кадамжай районуда. Биринчи окуганда коркуп кызыктай болуп кеттим.
0
tatynam_88
2017-01-05 01:25:17
Topchu83,кадамжайдын каеринде Чакмак айылы.Кадамжайдан болом бирок сенден угуп жатам ошондой айылды
0
Topchu83
2017-01-05 23:18:04
tatynam_88,Майдан айыл окмотундо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан