Кечээ, 4-январда "Ош-аэропорт" көзөмөл-өткөрүү пунктунан жасалма паспорт менен кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда Чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
"Ош-Сургут каттамына паспорттук көзөмөлдөн өтүп жаткан жаран 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортту көргөзгөн. Документ кылдаттык менен текшерилгенде, элементтери сапаттуу жасалбаганы, айрым жерлеринде химиялык коргоосу, микрочиптин жоктугу аныкталган", - деп айтылат маалыматта.
Кармалган жарандын айтымында, ал буга чейин Орусия Федерациясынан депортацияланган. Мындан улам жасалма паспорт менен кирүүнү чечкен. Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлгөн.