Апрель окуясы боюнча айыпталган мурунку башкы прокурор Нурлан Турсункулов эркиндикке чыкты

2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча айыпталган мурунку башкы прокурор Нурлан Турсункулов мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулду. Тиешелүү чечимди Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту чыгарган. Чечим чыгарууда Турсункуловдун абакта мөөнөтүнүн үчтөн экисин өтөп бүткөнү эске алынган.

Буга чейин 2010-жылы Бакиевдин кеңешчиси болуп турган Эльмурза Сатыбалдиев, президенттик аппараттын мурунку башчысы Каныбек Жороев да мөөнөтүнүн үчтөн экисин өтөп бүткөнүнө байланыштуу абактан мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулушкан.

Эскерте кетсек, 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча айыпталган мурунку башкы прокурор Нурлан Турсункулов, "Альфа" атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн мурунку командири Алмаз Жолдошалиев, ошол кездеги президенттин кеңешчиси Эльмурза Сатыбалдиев жана президенттик аппараттын мурунку башчысы Каныбек Жороев "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча 2014-жылы 10 жылга соттолушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Sagyn.91
2017-01-06 11:08:31
Учурунда 4сом учун 4 жылга эркинен ажыратылган карапайымга мыйзам иштейт. Ал Эми Эшекке минерлерге мыйзам оюнчук. Эмнеге моонотунон мурда чыгуусу керек. Акырына чейин отурсун!!!!
0
Aksikent96
2017-01-06 11:11:49
Аша президенттиктен булардын баарын бошотуп, актап туруп анан кетеби?
+1
almazbei
2017-01-06 12:17:23
Булар договор менен олтурушканго ,баары эле узак убакытка соттолушкан экен анан тез эле чыгып жатышат.
+2
Bolunbo.kyrgyz
2017-01-06 13:58:14
almazbei, договор буткондобу))))))
0
azamat.k
2017-01-06 12:23:50
Жакында Бакиев келип президент болот тан калыштын кереги жок.
0
senchi
2017-01-06 12:41:52
Эмнеге чыгарып жатасынар олтурсун аягына чейин
-2
Bolunbo.kyrgyz
2017-01-06 14:11:09
Манас атабыз болгондо кылыч менен кыя чапмак башынарды кыргыз элин каалагандай калчап жатасынар.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан