ЖЫЛНААМА, 6-ЯНВАРЬ: 69 жыл мурун Израилдеги мейманканада жардыруу болуп, 26 киши курман болгон

Мындан 69 жыл мурун, 1948-жылы 6-январда Израилдин борбору Иерусалим шаарындагы Семирамис мейманканасында террордук акт жасалып, 26 киши курман болгон.

1947-1949-жылдары болгон Израиль-араб согушунун биринчи этабында, бул күнү еврейлердин "Хагана" аскерлештирилген куралдуу тобунун мүчөлөрү жардыруу жасашкан. Бул топтун башында тургандар аталган мейманкана арабдардын аскердик уюмдарынын штабы катары кызмат кылат деген жалган маалыматты угуп, ушундай кадамга барышкан. Курман болгондордун арасында Испаниянын консулунун орун басары Мануэль Альенде Салазара дагы болгон. Жардыруу болгон күндөн кийин Иерусалимде жашаган арабдар шаардан качышкан. Окуядан кийин мамлекеттик ишмер Бен-Гурион "Хагананын" Иерусалимдеги бөлүгүнүн башчысы, террордук актыга жоопкерчиликти алган Михаэль Шохамды кызматтан кетирген.

6-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aksikent96
2017-01-06 15:28:11
ХХХ колунан бут жаман нерсени кутсо болот.
+2
admin_portal
2017-01-06 15:36:26
Aksikent96, порталдын эрежелерин сактаңыз!
-3
tyrgon
2017-01-15 21:05:12
еврейлер палестина олкосун басып алганын айпайт бекен же дуйногу элдер ал жонундо унутуп калды деп ойлоп жатышабы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан