ЖЫЛНААМА, 6-ЯНВАРЬ: 3 жыл мурун Нигериядагы кыштакка куралчан адамдар кол салышып, кеминде 30 адам каза болгон

Мындан 3 жыл мурун, 2014-жылы 6-январда Нигериянын борбордук бөлүгүндөгү Шононг кыштагына куралчан адамдар чабуул жасашып, натыйжада 30 адам каза тапкан. Каза болгондордун басымдуу бөлүгү аялдар жана жаш балдар болгон. Баскынчылардын тобу эртең менен кыштактын жашоочуларына карата ок чыгарып, үйлөрүн өрттөшкөн. Ошондой эле малын айдап кетишкен.
Ал эми расмий билдирүүлөрдө 5 адамдын каза болгону эле айтылып, өрттөнгөн үйлөр тууралуу маалымат берилген эмес. Аталган чабуулду "Боко Харам" террордук тобу уюштургандыгы айтылган. Ошол маалда Нигериянын борбордук бөлүгүндө жашаган мусулмандар менен христиандардын ортосунда этникалык жана диний багыттагы пикир келишпестиктер тез-тезден чыгып турган. Аталган өлкөдөгү укук коргоочу уюмдун билдирүүсүндө, акыркы 20 жыл ичинде 10 миңден ашуун адам жогорудагы сыяктуу жаңжалдардан улам каза болгон.
6-январга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан