Бишкек ШИИББи: "Ататүрк атындагы сейил бакта жарылуу болду" деген маалымат текшерилүүдө

2017-жылдын 4-январь күнү саат 04:41 чамасында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ататүрк атындагы сейил бакта жарылуу болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге дароо ыкчам топ барган.

"Айтылган жерде эч кандай жарылуунун издери байкалган эмес. Кызматкерлер болгону бир бактын кулаганын көрүшкөн. Учурда жарылуунун болгону же болбогону такталууда. Тиешелүү экспертизалар дайындалды", - дейт Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан