Мындан 49 жыл мурун, 1968-жылы 6-январда Якутиядагы учак кырсыгынан улам 45 адам көз жумган. Якутск-Новосибирск каттамында учуп бараткан Ан-24 учагы Олёкминск шаарынан 92 чакырым алыс жерде, аба майданынан учуп чыккандан 15 мүнөттөн кийин жерге кулап түшкөн. Жерге түшө электе эле асмандан анын оң жана сол канаттары бөлүнүп, кулаган соң учак күйүп кеткен. Жыйынтыгында андагы 39 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү каза тапкан. Кырсыктын себептери ушул мезгилге чейин аныктала элек.
6-январга карата жылнаама.