Таласта асынып алган чабан кашардын ээсин өлтүргөнүн айткан

Таластагы Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмү тарабынан айылдын четиндеги кашардан эки адамдын жансыз денесинин табылганы боюнча иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 31-декабрында саат 14:00 чамасында Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын Чат жайлоосундагы кашардан эркек кишинин асылган денеси табылган. Андан соң түпкү бөлмөдөн зомбулук менен өлтүрүлгөн адамдын денеси да табылган.

"Асынуу жолу менен өзүнүн өмүрүн кыйган адам Жумгал районунун 1965-жылкы М.А. аттуу тургуну экени аныкталды. Ал мурун "адам өлтүрүү" беренеси боюнча соттолгон, өзүнүн туруктуу үйү жок болуп, бул кашарда иштеп жүргөн. Ал эми экинчи жаран Көк-Сай айылынын 1971-жылкы тургуну С.Т., ал ушул кашардын ээси болгон", - деп жазылат маалыматта.

Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгону маалым болду. Өлүмдүн так себебин билүү үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Айтылган маалыматтар боюнча, чабан кашардын ээсин сабаган, жыйынтыгында жаракаттардан улам ал каза болгон. Андан бир күн өткөн соң чабан да асынып алган.

"Ошол күнү алар бир нече адам менен алкоголдук ичимдик ичишкени маалым болду. Коноктор түндө тарашкан. Кашарда экөө гана калган. Чабан өлтүргөнүн моюнуна алганын уккан күбөлөр бар", - деп билдиришет ИИМден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Pandora
2017-01-09 11:39:15
Кудай сактай кор,ошол эле коноктор кашардын ээсин олтуруп,чабанды куноолу кылып асып койгон эмеспи?
+7
mambo-1984
2017-01-09 11:47:47
Бул менин айылымдагы окуя буну Элдин бары Зарылбектин уй булосунон коруп жатышат азатыкта деле журот видеосу менен бирок убакыт коргозотко бул иш кандай болгонун
+4
Deniza88
2017-01-09 18:12:42
mambo-1984, Таласта малчы болуп Иштеп келгендерди аябай иштетип уруп сабап даже акчасын бербей койгондор да бар. Коруп эле журобуз.
+1
Tunerbei1812
2017-01-09 12:03:16
Абдан жаман иш болуптур. Олгондорго бейиш, тируулоруно ынсап. сабыр насип этсин. Адилет териштирилип, куноолуулору жазаланышы керек.
+3
Seiil.94
2017-01-09 12:08:29
адамдарга сабыр.ынсап берсин кудай
+3
upol92
2017-01-09 12:29:23
Ана жаны жылды майрамдайбыз Деп та. Шылтоо кылып ичишкен.
-6
Bolunbo.kyrgyz
2017-01-09 12:53:02
Жаны жыл майрамынардын пайдасы
-5
abusait
2017-01-09 13:01:25
Ичкиликтин кесепети ..
+4
Arsenal2
2017-01-09 17:24:24
Чынында тан калыштуу.чабан деле бир максат м.н олтурмокко мумкун башка бироонун иши
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан