The Wall Street Journal: Израил Иран менен болгон жаңжалды жакынкы убакта токтотууну каалайт 

Израил Иран менен болгон жаңжалды жакынкы убакта токтотууну каалайт. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы жазып чыкты.

Басылманын маалыматына караганда, АКШ араб өлкөлөрүнүн аткаминерлеринен бул маалыматты Иранга жеткирүүнү өтүнгөн.

"Иран болсо азырынча артка кайтууга даяр эмес экенин билдирип, АКШнын өзөктүк объекттерге жасаган чабуулуна жооп кайтарууга мажбур экенин айткан", — деп жазылат маалыматта.

АКШ 22-июнга караган түнү Ирандын үч өзөктүк объектисине — Натанз, Фордо жана Исфахан шаарларындагы жайларга аба соккуларын жасаган.

Чабуулдан кийин Ирандын бийлиги кайрадан Ормуз булуңун жабуу коркунучун билдирген. Бул боюнча акыркы чечим азырынча Ирандын Улуттук коопсуздук кеңешине тиешелүү.

Ормуз булуңу аркылуу күн сайын дүйнөлүк мунайдын 20 пайызга чейинкиси жана Перс булуңундагы өлкөлөрдөн 35 пайыздан ашык газ ташылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан