Милицияга Түркиянын 36 жаштагы Ч.И. аттуу жараны арыз менен кайрылган. Арызында 2016-жылдын февраль айында Дмитрий аттуу жаран анын ишенимине кирип, документтерин каттоо шылтоосу менен 1500 доллар алып, ошол бойдон жок болуп кеткенин жазган.
"Разбойник" рейддик иш-чарасынын алкагында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары К.Д. аттуу 45 жаштагы бишкектик тургун кармалып, иликтөө бөлүмүнө өткөрүлгөн", - деп билдиришкен Бишкек ШИИББинен.
Мындан сырткары иликтөө иштеринин натыйжасында кармалган жаран дагы ушуга окшогон кылмышка шектелип жатканы маалым болду.