Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда кечээ, 8-январда Бишкек-Ош унаа жолунун 486-чакырымында эки унаа кагылышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 9-январда билдирди.
"Мерседес үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Фольксваген-Пассат үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. Жол кырсыгынан Фольксвагендеги 2 адам жаракат алган", - деп айтылат маалыматта.
Окуя болгон жерге куткаруучулар жеткенге чейин жаракат алгандарды "Тез жардам" кызматкерлери алып кетишкени маалым болду.