Сүлүктүдөгү шахтада көмүр казып жаткан тургундун үстүнө таш кулап, ал каза болду

Сүлүктүдөгү шахтада көмүр казып жаткан тургундун үстүнө таш кулап, ал каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 9-январь күнү саат 16:15 чамасында болгон. Анда Сүлүктү шаарындагы "Белес-1" ишканасына таандык шахтада өз алдынча көмүр казып жаткан 17 жаштагы тургундун үстүнө таш кулаган. Анын кесепетинен жабырлануучу ошол жерден жан берген. Аталган ишкананын кызматкерлери каза болгон маркумдун сөөгүн "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
talant87
2017-01-10 12:35:26
админ : устуно: таш кулап
-1
salimbek87.kg
2017-01-10 12:43:54
Аттин Омур он жети жаш жаткан жери жайлуу жайы жаннатан болсун .
+4
farida.kg.1991
2017-01-10 13:25:32
Акча эмнелерге гана алып барбайт жашоо ушундай экенда баары аллахдан келген кудурет пенденин колунан эч нерсе келбейт бир гана сабыр кылабыз.
0
farida.kg.1991
2017-01-10 13:26:42
Сүлүктү менин шаарым.элим аман болсун.
-1
elchi84
2017-01-10 13:31:21
Ушундан коро завод фабрика ачып иштетсе жакшы болмок мамлекет акчалар асманга эле учуп жатат ушундай нерселер болмок эмес баардыгы акча табам деп болуп жатат.
+1
jike
2017-01-10 13:48:50
Сулуктудо шахтадан адам каза болду дегенден башка жанылык укпай калдыкко
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан