Ошто "Жыл мыктысы" кылам деп мектеп директорлорунан, айыл өкмөт башчыларынан жана медицина кызматкерлеринен алдап акча алган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган Б.А. аттуу Ош шаарынын тургуну кармалган. Ал "Жыл мыктысы" кылам деп алдамчылык жолу менен Кара-Суу, Араван, Ноокен райондорундагы мектеп директорлорунан, айыл өкмөт башчыларынан жана медицина кызматкерлеринен 1500 сомдон 5000 сомго чейин акча алган.
"Кылмышка шектүү бирде КТРКнын, бирде ЭлТРдин журналистимин деп тааныштырса, айрым учурда Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлү экенин айткан. Бүгүнкү күнгө карата ал адамдын үстүнөн 28 арыз келип түштү. Жабыркагандардын саны мындан да көп болушу мүмкүн. Шектүү буга чейин да эки жолу алдамчылык боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Анын жакын туугандары, достору телевидение тармагында иштешет. Мындан улам ал бул тармакты жакшы билген. Учурда алдамчылык боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деди Ашырбаев.