Нарында 9-класстын окуучусу асынып алды. Учурда анын өлүмү боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
ИИМдин маалыматына караганда, 9-январь күнү Нарын ШИИБинин кызматкерлерине шаардагы мектептердин биринин директору кайрылган. Анда 2000-жылы туулган Азимдин өз үйүндөгү гаражга асынып алганы айтылган.
"Баланын денесинде эч кандай жаракаттар байкалган эмес. Ал калтырып кеткен катта чоң ата, чоң энеси жана жакын туугандарынан кечирим сураган. Атасы 2004-жылы каза болуп калган. Андан соң апасы аны чоң энесине таштап кеткен боюнча кайрылып келген эмес", - деп билдиришти ИИМден.