Кылмыш дүйнөсүндө "Дөө" каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагулов 18 жылга кесилди

Кылмыш дүйнөсүндө "Дөө" каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагулов Кылмыш-жаза кодексинин "адам өмүрүнө кол салуу" беренеси боюнча үй-мүлкүн конфискациялоо менен 18 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы бүгүн, 11-январда билдирди.

Кылмышкерге "адам өмүрүнө кол салууну уюштуруу", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу", "бейбаштык" беренелери боюнча айып тагылган. Ал эми Жумагуловдун жактоочулары Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылышарын билдиришти.

Чыңгыз Жумагуловду 2016-жылдын апрель айында Бишкек шаарынын Чүй жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги ок атышууга катыштыгы бар деп колго түшүрүшкөн.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Жумагулов жана анын шериктери Субару үлгүсүндөгү унаадан 1981-жылы туулган А.Д. аттуу жаранга ок чыгарышып, жыйынтыгында жабырлануучу жаракат алып Улуттук хирургия бөлүмүнө жеткирилген. Өткөн жылдын июнь айында Ч.Жумагулов из жашырып кеткендигине байланыштуу Биринчи Май райондук соту ага издөө жарыялап, сыртынан камакка алуу боюнча чечим чыгарган. Чечим чыккандан 1 аптадан кийин ал колго түшкөн.

Белгилей кетсек, Ч.Жумагуловду "Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна мүчө" деп келишет. Ошондой эле ал президенттик аппараттын мурдагы башчысы (К.Бакиевдин мезгилинде. ред.) Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектелгендердин бири болуп келген.

Жумагулов өзү криминалдык чөйрөгө катыштыгы жок экенин айтып, уюшкан кылмыштуу топторго мүчө экендигин четке кагып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Seryi-Kardinal
2017-01-11 20:21:18
Дөө экенби же ХХХ
+15
Saribulak
2017-01-11 20:21:38
Акыйкат доо экен
-4
mirlaane
2017-01-11 20:25:21
mm
-3
dasta
2017-01-11 20:39:16
Шамал болбосо терек кыймылдавайт
-5
Nur1k
2017-01-11 21:12:32
dasta, туура жазчы бай болгур
+6
Best.bakyt
2017-01-11 22:01:19
dasta,Шамаал болбосо бак-дарактар кыймылдабайт деп кой.Терек десен эмнегедир кулакка аз угулуп атат.
+1
ulchana
2017-01-11 22:33:25
Best.bakyt,ЖАРДЫНГОО
-2
Rifle_I
2017-01-12 08:19:31
Эптеп чукуланып турсак.
Терек деп айтылат түштүктө. Жакшы эле окулуп жатат.
+1
Best.bakyt
2017-01-11 22:05:48
Супердин куйругун бураганбы жогору жак кайсы темасына кирсен эле талкуу жабык дейт. Кылмыш дуйно менен артисттерге гана комментарий калтырганга болот экен карап корсон.
+18
tursunbaev78
2017-01-12 00:47:51
Best.bakyt,эң туура айттың жаңылык жазышат талкуу жабык,электр энергиясынын тарифи көтөрүлөт деп жазышат талкуу жабык,кысым көрсөтөтко жогору жактан
+9
Arlenchik
2017-01-11 22:26:30
Кылмышкер деп эле койбой белгилуу кримоавторитет деп тимеле кылмышкерлердин атын даназалап алышат.
+16
Adil706070
2017-01-11 23:49:50
кримтваритет ХХХ десе жарашат.кримавторитет дебей.Эрдик кылып оз элине пайдасы тийсе да бали дейсин,пайданын ордуна зыяны тийген адамдын коомго дагы кереги жок.элди талап тоноп,зордоп,эркек болсонор кыргызды таанытып спорттон чыгар кучунду.душмандан корго.корунгондун мал-мулкун талап тоногончо .уюлушуп аттын тезегиндей болуп коптоп уруп согуп коркутпай жалгыздан эрдик кылгылачы кочого чыгып оозунарды Ошту каратып койчулар толтура.
+16
admin_portal
2017-01-12 09:19:14
Adil706070, Seryi-Kardinal, этика нормаларын сактаңыздар!
0
tulpar90
2017-01-12 00:27:45
Дөө бөө чөө жөө
+5
azamat1978
2017-01-12 00:27:54
Амангелди деген чиновникти иштен кетириш керек ал ким адамдарды күнөөлөп басмырлагыдай. Талкууну ачып койгула
+7
Seiil.94
2017-01-12 01:16:57
эки коздуу адам сымал доо экен
+1
Nazaralikarakulja
2017-01-12 02:04:07
Тазалаш керек мынандайларды Жан алгычтарды
+2
Best.bakyt
2017-01-12 10:54:46
Сакал,карышкыр,доо,чоо белгилуу кримавторитет эркиндикке чыкты, кармалды кайра кетти деп даназалап жаштарга берип жаткан тарбия. Илгери соттолуп келген адам эл козуно чыкпай,уялып ойдо карап суйлой албай калчу эле. Азыр беш кун отуруп чыга калып эле баатырдык кылгансып, коздун тобосу менен карап лагерде жургондо деп мактаныч менен суйлошот.Аны коргон жаштарын жаргон менен суйлогонду эрдик коруп адат кылып алышкан.Ушуларды бири олуп бири калсын кырылышып, теледен корсотпой,гезит бетине жарыя кылб
+7
Best.bakyt
2017-01-12 11:04:08
Жарыя кылбай койсо болот эле. Же буларсыз гезиттин окумдуулугу жоголобу.Искак Раззаковту, Болот Мамбетовту,Султан Ибраимовту жазса жаштар да суктанып ошол инсандардай болгусу келбейби. Кайдагы ууру бору, каракчыларды даназалабай. Менин комментимди очуроорунор бештен белгилуу го,эмне болсо да жан кашаят.Балыктай башыбыздан сасыганыбыздан онбой атканыбыздын негизги себептери да ошол да.
+4
admin_portal
2017-01-12 11:17:08
Best.bakyt, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-1
Saribulak
2017-01-12 11:18:11
Мындайлар керек бизге бийликтегилер ушулардан кичине тайсалдап турушат. Элден коркпойт чиновниктер
-5
ukmuw-ukmuw
2017-01-12 12:21:33
Saribulak,булар бийликтегилерге наборот иштебей елеби,чиновниктер канчалаган акча питания ыргытат турмого
+3
jigit.paren
2017-01-12 16:26:46
Ушу кримавторитет жөнүндө мурда чындыкты айтсам супер мага эскертүү берди эле, мына чындык чыгыптыр да, эми 18 жылга кесилип бирок 18 айла эркинликке чыкпаса болду.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан