Бишкекте лотерея ойнотуучу жайды карактап, 126 миң сом акча алып кеткен жарандар кармалышты

Бишкекте лотерея ойнотуучу жайды карактап, 126 миң сом акча алып кеткен жарандар кармалышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 2016-жылдын 27-декабрында Тоголок Молдо жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анда бет капчан адамдар ал жерде иштеген кызматкерлерге күч колдонуу менен 126 миң сомду алып кетишкен. Бул окуяга байланыштуу Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 168-берененин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөөнүн негизинде 23 жаштагы эки бала колго түшүрүлдү. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dina1983-19
2017-01-12 14:30:09
Жакшы иш болуптур лотореяга тыюуу салганына карабай ойнотулуп жатса кудай эскерткенго
+1
Tunerbei1812
2017-01-12 14:40:52
Эми иликтей беришсин моокуму канганча. Иш табылыптыр да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан